
Карыбай
ПОДЕЛИТЬСЯ СТРАНИЦЕЙ
История солдата
участник ВОВ, разведчик
Боевой путь
в мартовских боях 1944 г в р-не деревни Лобаны, Витебской обл. в составе взвода первый ворвался в траншею противника
Воспоминания
Коротко на кыргызском языке
1941-жылдын декабрь айынан тартып 1942-жылдын сентябрь айына чейин 79-ИПТАПтын катарында Москва шаарынын астындагы салгылашууларга катышып, бутунан жарадар болуп, Тарапец аскер ооруканасында жаратынан айыгып чыккан.
1943-жылдын ноябрь айынан баштап 88-аткычтар дивизиясынын чалгындоо отрядында чалгынчы болуп согушка катышкан.
1944-жылдын 30-январында биринчи “Эрдик” медалы менен сыйланган. Ал эми 1944-жылдын 12-июлунда экинчи “Эрдик” медалы менен сыйланган.
1945-жылдын январь айында “Аскер даңкы” үчүнчү даражадагы ордени менен сыйланат.
1943-жылы Орше шаарынын алдындагы салгылашууда бомбанын астында калып контузияга учураган.
1945-жылы болсо Кёнизгберг шаарын бошотуудагы салгылашуусунда сол колунан жарадар болуп, аскер ооруканасындагы даарылануудан кийин Көсөбаев Карыбайды Сызрань шаарындагы танк окуу жайына курсант болуп кирген.
1945-жылдын сентябрь айында үч жолу жарадар болгон жоокерлерди демобилизация кылганына байланыштуу мекенге кайтып келген.
После войны
1945-жылдын октябрь айынан 1947-жылдын июль айына чейин Барскоон орто мектебинде аскер окутуучусу болуп кызмат өтөгөн.
1947-жылдан 1951-жылга чейин Каракол совхозунун Чолпон фермасында тракторчулардын бригадири болуп эмгектенген.
1951-1952-жылдары Ташкенттеги Капланбек зооветтехникумун окуп бүтүп,
1952-жылдын декабрь айынан тартып
1955-жылга чейин Чолпон фермасында талаачылык бригадири болуп ийгиликтүү эмгектенген.
1953-жылдан 1955-жылга чейин Тасма-Каранар поселкалык кеңешине шайланып, төрага болуп кызмат өтөгөн. Декабрь 1955-жылдын декабрь айынан баштап 1965-жылга чейин Шахта жыргалаңында кен ташуучу, көмүр казуучу, ВГСЧ куткаруучу болуп эмгектенген.
1965-жылдан 1974-жылга чейин Шахта жыргалаңынын поселкалык кеңешине шайланып, төрага болуп кызмат кылган.
1974-жылдан 1976-жылга чейин Түп май заводунун жумушчусу болуп иштеген. 1976-жылдан 1985-жылга чейин Пржевальскийдеги нан жана азык-түлүк комбинатына караштуу Түп дан кабыл алуучу жайынын башчысы болуп кызмат кылган.
1985-жылдан баштап ардактуу эс алууга чыгат. Пристань-майзавод мекемелеринде парт.уюмунда катчы болуп дайындалган.
1993-жылдан 1995-жылдары “Эскерүү” энциклопедиясынын Түп бөлүмүндө редактор.
1995-жылдан 2000-жылга чейин Түп ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп кызмат өтөдү.
1996-жылдан 2002-жылдары Ысык-көл облустук ардагерлер кеңешинин мүчөсү болуп да кызмат өтөгөн.
2003-жылдын апрель айында инфаркт оорусунан бул дүйнө менен кош айтышкан.