
Сабит
Иманалиевич
ПОДЕЛИТЬСЯ СТРАНИЦЕЙ
История солдата
Иманаалы уулу Сабит Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кара-Күңгөй айлында (ал учурдагы Фрунзе колхозу) туулган. Педагогикалык Техникумду бүтүргөндөн кийин бир катар айылдарда мугалим болуп кызмат өтөгөн. 1939-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып, 1941-1945-жылга чейин согушта болуп, 1946-жылы кайтып келген. 8 баланын атасы. Согуштан кийинки жылдары туулуп өскөн айылында мектеп деректиринин чарбалык иштер боюнча орун басары болуп өмүрүнүн акырына чейин иштеген.